ЛДПРдин Мамдумадагы депутаты Виталий Золочевский дүйшөмбүдө Башкы прокуратурага кайрылып, Карнеги Фондун, Transparency International, Human Rights Watch, Amnesty International жана "Мемориал" фондунун ишмердүүлүгүн "алардын Орусиянын конституциялык түзүлүшүнө коркунуч келтирүү” жагынан текшерүүнү сурады. Депутат эгерде мындай шек такталып калса, аларды Орусиянын мыйзамдарына ылайык жоопко тартууну сунуштап жатат.
Өткөн ишембиде орус президенти Владимир Путин “керексиз” бейөкмөт уюмдар тууралуу мыйзамга кол койгон. Ага ылайык, мамлекеттин конституциялык түзүлүшүнө, коргонуусуна жана коопсуздугуна коркунуч көрсөткөн уюмдар керексиз болуп саналышат. Уюмдардын керексиз деп табууну баш прокурор жана анын орун басарлары аныктап, чечим чыгарат.