Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Февраль, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:20

Акыйкатчы Коомдук каналды сотко берет

Бакыт Аманбаев
Бакыт Аманбаев

Бул тууралуу акыйкатчы Бакыт Аманбаев “Азаттыкка” маегинде билдирди.

Акыйкатчынын айтымында Коомдук канал аны негизсиз каралап, ал аркылуу Баш мыйзамдын 26-беренесин одоно бузуп жатат. Конституциянын 26-беренесинде кылмышы сот аркылуу далилденмейинче жана сот чечими күчүнө кирмейинче бир дагы адам күнөөлүү деп эсептелбестиги, аны бузуу сот аркылуу материалдык жана моралдык чыгым өндүрүүгө негиз болору жазылган. 

КТРК  5-майда “Ала-Тоо” маалымат программасынын кечки чыгарылышында "Аманбаев аталган корпорациянын реклама бөлүмүн жетектеп турганда миллиондогон сом зыян келтирген" деген мазмундагы сюжет көрсөткөн эле. Анда журналист Эсеп палатасынын 2008-жылдагы аудитин мисал кылып, Аманбаев мамлекетке ири суммада зыян алып келген деп билдирген эле.

Аманбаев муну саясий ишмердигине байланыштырып жатат. (BkA)

XS
SM
MD
LG