Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:32

Ак үй ал-Абадиге Ирак армиясын колдогонун ырастады


Ирак аскерлери. Багдаддан 50 чакырым түштүктөгү Журф ас- Шахер районундагы өңүт. 24-май 2015
Ирак аскерлери. Багдаддан 50 чакырым түштүктөгү Журф ас- Шахер районундагы өңүт. 24-май 2015

Вашингтон Ирак армиясын колдойт жана “алардын жан аябай согушкан баатырдыгын” баалайт. Бул тууралуу АКШ вице-президенти Жо Байден 25-майда Ирактын премьер-министри Хайдер ал-Абадиге телефон чалганы маалым болду.

Андан бир күн илгери Пентагондун башчысы Эш Картер Си-ен-ен телеканалынан сүйлөп, Ирак аскерлеринин Рамади шаарын “Ислам мамлекети” тобунун согушчандарына калтырып кеткенин сындап, “Ирак күчтөрү салгылашканга эрки жок экенин көрсөттү” деген. Ал-Абади Би-би-сиге берген интервьюда Картерди “натуура маалымат менен шыкашкан” деген пикирин айтып, анын сөзүнө таң калганын билдирген.

XS
SM
MD
LG