Шашылыш билдирүү:
27-майдан 31-майга чейин күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.
Аба ырайы:
27-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 9...14, күндүз 23...28,
Таласта түнкүсүн 6...11, күндүз 22...27,
Баткенде түнкүсүн 8...13, күндүз 22...27,
Ош жана Жалал-Абадда түнкүсүн 8...13, күндүз 22...27,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 4...9, күндүз 13...18,
Нарында түнкүсүн 1...6, күндүз 12...17,
Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 11…13, күндүз 25…27 градус болот.