Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:21

"Ал-Шабаб": Кениялык 25 полициячы жок кылынды


Кениялык аскерлер жана Кызыл Крест уюмунун кызматкерлери Короме кыштагында өлтүрүлгөн адамдардын денелерин жайга берүү үчүн чогултушууда. 2-декабрь 2014.
Кениялык аскерлер жана Кызыл Крест уюмунун кызматкерлери Короме кыштагында өлтүрүлгөн адамдардын денелерин жайга берүү үчүн чогултушууда. 2-декабрь 2014.

“Ал-Каиданын” бучкагы болгон “ал-Шабаб” тобунун согушчандары 25 чакты кениялык полициячыны өлтүрдү. Сомалиде жайгашкан экстремистчил топтун билдиришинче, полициячылардын машинеси Кениянын чыгышындагы кыштакта согушчандар орноткон минага кабылып жарылганда тирүү калган полициячылар буктурмага камалган. “Биз алардын бардык куралдарын колго түшүрдүк. Беш автомобилин кыйраттык. Кээ бир полициячылар буктурмадан кутулуп кетти,”- деп билдирди Шейх Абдиазиз Абу Мусаб.

“Ал-Шабаб” Найроби аскерлерин Сомалиден чыгарып кетүүсү үчүн акыркы жылдары Кениянын ичине кирип, диверсия уюштурууда. Апрелде алар Найроби университетине чабуул койгондо 148 адам өлгөн.

XS
SM
MD
LG