Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:49

Жалал-Абад: милиция окуучуларды сактыкка чакырууда


Облустун аймагындагы бардык мектептерде учурда бүтүрүүчү класстын окуучуларына түшүндүрүү иш-чаралары өткөрүлүүдө. Бул тууралуу облустук ИИБнын басма сөз кызматы билдирет.

“Мекеним менин Кыргызстан” долбоорунун алкагында мекеменин жетекчиси Жеңиш Жоробеков өзү баш болуп, окуучулар менен жолугушууларды өткөрүүдө жана бүтүрүүчүлөргө туура кесип тандоого багыт берүүдө.

Билим берүү министрлиги тарабынан мектептерде окуу жылынын бүтүшүнө байланыштуу директорлорго майрамдык иш-чараларды өткөрүү үчүн мыйзамсыз акча чогултууга тыюу салынган. Мындан тышкары өткөн жылдагыдай эле бүтүрүү кечелерин кафе-ресторандарда уюштурууга салынган тыюу узартылат. Мындай аракеттер окуучулардын коопсуздугун сактоо үчүн көрүлүүдө. Быйылкы окуу жылы 25-майда эмес, 29-майда аяктайт. 9-11-класстын окуучуларына аттестат тапшыруу салтанаты 20-22-июнь күндөрү өткөрүлөт. (RsK)

XS
SM
MD
LG