Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:47

Атамбаев 1916-жылкы Үркүнгө тарыхый баа берүү үчүн атайын топ түздү


1916-жылдагы окуяларга тарыхый жактан объективдүү баа берүү үчүн президентке караштуу тарых илимин өнүктүрүү комиссиясынын базасында жумушчу топ түзүлөт. Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев бүгүн кол койгон жарлыкта айтылат. Топтун курамына тарыхчы окумуштуулар жана башка гуманитардык илимдердин өкүлдөрү кирмей болууда.

Жарлык "1916-жылдагы каргашалуу окуялардын 100 жылдыгы жөнүндө" деп аталат. Анда кыргыз элинин 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүшү жана андан кийин болгон Үркүн Кыргызстандын тарыхында өзгөчө орунду ээлөөгө тийиш экени, бирок дээрлик жүз жыл өтсө да коом алардын себептерин жана кесепеттерин тарыхый жактан объективдүү баалоого муктаж болуп жатканы баса белгиленген.

Өкмөткө Үркүн учурунда ашууларда каза тапкандардын сөөгүн жерге берүү, эстеликтерди орнотуу тапшырмасы берилди.

Президенттик фонддон жалпысынан 10 миллион сом бөлүндү.

1916-жылы орус падышачылыгынын жазалоочу отряддарынын мыкаачылыгынан Нарын, Чүй жана Ысык-Көлдөгү кыргыздар Кытай тарапка качууга аргасыз болгон. Тарыхчылардын айтымында, бул окуялардан аймактагы калктын саны 40% азайган.

Совет учурунда Үркүн тууралуу чыныгы маалыматты жашыруу саясаты жүргүзүлүп, ага объективдүү баа берилген эмес. (RK)

XS
SM
MD
LG