Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:59

Конституциялык палата биометрика боюнча мыйзамды кароодо


Жогорку Соттун Конституциялык палатасы “Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө” мыйзамды жокко чыгаруу боюнча арызды кароодо. Мындай арыз менен сотко адвокат Нурбек Токтакунов кайрылган. Ал биометрикалык маалыматтарды топтоо жарандардын конституциялык укуктарын бузат деп жүйө келтирүүдө. Ошондой эле учурда мамлекеттин бул жаатта коопсуздукту камсыз кылуу мүмкүнчүлүгү жок экенин айтууда.

Биометрикалык каттоо жөнүндөгү мыйзамга президент Алмазбек Атамбаев былтыр 14-июлда кол койгон. Өлкө боюнча биометрикалык маалымат берүүгө милдеттүү 3 млн. 884 миң 270 киши бар болсо, ушул күнү алардын үч миллиондон ашууну тапшырды.

Бийлик биометрикалык маалымат чогултуу шайлоолорду ачык-айкын өткөрүүгө жана мамлекеттин коопсуздугун сактоого шарт түзөт деп билдирүүдө. (BkA)

XS
SM
MD
LG