Кабулдун дипломатиялык өкүлчүлүктөр жайгашкан аймагында куралдуу топ мейманканага чабуул жасап, ооган коопсуздук күчтөрү менен кагылышты. Ооган ички иштер министринин орун басары Мохаммад Аюб Салангинин айтымында, чабуул 27-майга караган түнү жасалып, таңга чейин уруш болгон.
Кабулда соңку эки аптада чет элдиктер менен ооган бийлигине жана коопсуздук күчтөрүнө удаа-удаа чабуул жасалууда. 13-майда да шаардагы мейманканалардын бирине согушкерлер тарабынан кол салуу болуп, чет элдик 14 жаран каза тапкан.