Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:06

Көчкү жүргөн айылда мектепте окуу үзгүлтүккө учурады


24-майда Сузактын жер көчкү түшкөн Кыр-Жол айылында мектепте окуу үзгүлтүккө учурады. Жер көчкү 208 бала билим алган мектеп короосуна түшүп, учурда анын имаратына коркунуч жаратууда. Андыктан жамаат окуучуларды башка жайга көчүрүүнү суранууда.

Сузактын Кыр-Жол айылында 24-майга караган түнү көчкү жүрүп, кыр боорундагы беш үйдү жана айылдык эмкананы басып калган. Натыйжада алты адам каза таап, айылдын беш тургуну ооруканага жаткырылган. Азыр аймакта тазалоо жумуштары жүрүп жатат. (RsK)

XS
SM
MD
LG