Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:33

Депутат Бекешов бейөкмөт уюмдарды тыйып Орусияны туурабоого чакырды


Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов бейөкмөт уюмдарды чет өлкөлүк агент катары таануу боюнча мыйзам долбоорду талкуулоо учурунда билдирди. Анын айтымында, бул мыйзам долбоор Баш мыйзамга каршы келип, Кыргызстандын эл аралык кадыр-баркына көлөкө түшүрөт.

- Албетте, Орусия биздин стратегиялык өнөктөшүбүз. Бирок бардык тармакта эле Орусияны туурай берүү туура эмес. Алар деле муну бизден суранбаса керек, - деди Бекешов.

Жогорку Кеңештин депутаттары ушу тапта бейөкмөт уюмдарды чет өлкөлүк агент катары таануу боюнча мыйзам долбоорун талкуулоодо. Документте уюмду каржылоо сырттан болуп, ал саясий ишмердүүлүк менен алектенген учурда чет элдик агент катары таанылары каралган.

Буга чейин Орусияда ушундай мыйзам кабыл алынып, бир катар уюмдардын ишмердигине тыюу салынган. (BkA)

XS
SM
MD
LG