Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:16

Швейцарияда ФИФАдагы коррупцияга байланыштуу иш козголду


Швейцариянын башкы прокуратурасы 2018 жана 2022-жылдары футбол боюнча дүйнө чемпионаты өтчү өлкөлөрдү тандоодо коррупциялык аракеттерге шектелген тараптарга кылмыш ишин козгоду. Бул жылдары дүйнө чемпионатын өткөрүүгө Орусия менен Катар тандалган болчу. Аталган өлкөлөрдү тандаган ФИФАнын аткаруу комитетинин он мүчөсү эми суракка алынат. Мындан сырткары Цюрихте бүгүн ФИФАнын бир канча мартабалуу төбөлү коррупцияга шектелип камалганы белгилүү болду.

The New York Times гезити болсо ФИФАнын камалган тогуз мүчөсүнүн аты-жөнүн шардана кылды. Алар: Эдуардо Ли, Хосе Мария Марин, Джеффри Уэбб, Эухенио Фигередо, Джек Уорнер, Хулио Роча, Костас Таккас, Рафаэль Эскуивель жана Николя Леос.

29-майда ФИФА президентин шайлоо өтөт. Бул орун үчүн федерациянын азыркы президенти Йозеф Блаттер менен иордан канзадаасы Али бин Аль-Хусейн ат салышууда.

XS
SM
MD
LG