Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:27

Муфтий Таластагы диний кырдаалды талкуулайт


28-майда Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын башчысы Максатбек Токтомушев Талас облусуна барып, өкмөттүн аймактагы өкүлү жана бардык райондордун имамдары менен жолугушат. Жолугушууларда негизинен аймактагы диний кырдаал тууралуу кеп болмокчу.

Муфтийдин сапары Кыргызстандын дин тармагында 2014-2020-жылдарга кабыл алынган мамлекеттик концепциянын канчалык аткарылып жатканы менен таанышууга багытталган.

2014-2020-жылга чейин диний жааттагы саясат боюнча концепция былтыр кабыл алынган. Анда дин менен мамлекеттин алакасы так көрсөтүлгөн, диний сабаттуулукту жогорулатуу, диний экстремизмди жана диний фанатизмди алдын алуу чаралары каралган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG