Премьер-министр Темир Сариев Евразия өкмөт аралык кеңешинин жана КМШнын премьер-министрлеринин жыйынына катышуу үчүн бүгүн Астанага жөнөп кетти. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.
Сапар алкагында Сариев Казакстан, Беларус, Тажикстан жана Армениянын премьер-министрлери менен жолугушат.
Жыйында аймактагы кызматташтык жана интеграцияны жакшыртуу маселеси талкууланат.
Бул Темир Сариевдин кыргыз өкмөтүнүн башчысы катары алгачкы чет өлкөлүк иш сапары. (BkA)