Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:00

АКШ Путиндин аскерде каза болгондорду купуялоо жарлыгын сынга алды


Жэф Ратке, АКШ мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы
Жэф Ратке, АКШ мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы

АКШ Орусиянын тынч убакта аскерде каза болгондорду купуялоо тууралуу жарлыгын кескин сынга алды

АКШ мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Жеф Ратке бейшембиде билдиргендей, бул жарлык Москванын Украинанын аймагында аскердик жашыруун операциялар учурунда өлгөн жоокерлер тууралуу маалыматты жашыруу аракети:

- Биз бул жарлыкты бардыгына белгилүү нерсени жашыруу аракети деп билебиз. Тагыраак айтканда, Орусиянын армиясында кызмат өтөгөндөр Украинанын чыгышында аскерий аракеттерди жүргүзөт да, ал жакта набыт болот.

Ратке ошондой эле Украинада согушуп жүргөн орусиялык аскерлер көбүнчө өздөрүнүн формасынан таанытуучу белгилерди алып салышарын жана эч кандай документи жок жүрүшөрүн белгиледи. "Мындан сырткары алар унааларын кайрадан боёп, андагы Орусиянын желегинин сүрөтүн да жок кылышат",- деди Ратке.

Владимир Путиндин жарлыгы Украинанын чыгышында өкмөттүк күчтөр менен орусиячыл жикчилдердин урушуна орус аскерлери да аралашып жатканы тууралуу айыптоолор болуп жаткан учурда чыкты. Бирок Москва мындай айыптоолорду четке кагып келет. Буга чейин Орусия каза тапкан аскерлердин сөөгүн Украинадан жашыруун алып чыгып көмүп жатканы тууралуу да маалыматтар айтылган.

XS
SM
MD
LG