Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Март, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:45

Бүгүн Нарында "ЭкоНарын" фестивалы башталат

Эки күнгө созулуучу “ЭкоНарын” аталышындагы фестивал бүгүн Нарын шаарында башталат. Анда аймакта өндүрүлгөн экологиялык таза продукциялардын, улуттук тамак-аштардын, жер-жемиштердин жана колго жасалган буюмдардын жармаңкеси болот.

Фестивалда улуттук бий, этнокийимдердин мода жумалыгы, экологияны коргоо жана аны таза кармоо максатында бир катар сынактар, мастер-класстар уюштурулат.

Фестивалга Нарын облусунун Ак-Талаа, Жумгал, Нарын, Кочкор, Ат-Башы райондору жана Нарын шаары катышып, 10 боз үй тигилери айтылган. (MiK)

XS
SM
MD
LG