Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Март, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:44

Балдарга карата сексуалдык кылмыштар көбөйдү

Кыргызстанда быйылкы жылдын төрт айында балдарга карата 54 сексуалдык кылмыш катталды. Бул тууралуу бүгүн Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов парламенттеги “Ар-Намыс” фракциясынын жыйынында билдирди. Анын айтымында, мындай мүнөздөгү кылмыштар акыркы жылдары он пайыз өскөнү байкалууда. Статистикалык маалымат боюнча, 2011-жылы 83 факт катталса, 2014-жылы 140ка жеткен.

Ошондуктан министрлик бул жааттагы ишти активдештирип, коомчулукту да кылмыштарды алдын алууга көмөктөшүүгө чакырууда. (BkA)

 

XS
SM
MD
LG