Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:58

Алмазбек Абеков үй камагына чыгарылды


"Альфа Телеком" (Мегаком) компаниясындагы коррупциялык иштер боюнча айыпталып, үч жарым жылдан бери УКМКнын тергөө абагында отурган Алмазбек Абеков үй камагына чыгарылды. Ал аталган компаниянын башкы директорунун кеңешчиси болчу.

Үй камагына чыгаруу тууралуу чечимди Бишкектин Биринчи Май райондук соту кабыл алганын “Азаттыкка” бүгүн анын адвокаты Икрамидин Айткулов кабарлады. Айтымында, сотко иш боюнча комплекстүү экспертиза жүргүзүү жана Абековду үй камагына чыгаруу өтүнүчү жолдонгон. Ишти караган судья өтүнүчтү канааттандырды.

УКМК «Альфа Телекомдун» ошол кездеги башкы директору Азамат Мурзалиевди, жоопкерчилиги чектелген “Новострой сервис” коомунун башчысы Аман уулу Кенжебек жана “Альфа Телекомдун” башкы директорунун кеңешчиси Алмазбек Абековду 2012-жылдын январь айында камаган. Аларга 49 пайыздык үлүшү мамлекетке караган «Альфа Телеком» ишканаcына 142 миллион сомдон ашык зыян келтирди деген айып тагылган. Кийинчерээк Мурзалиев менен Аман уулу үй камагына чыгарылып, Абеков тергөө абагында калган. (BkA)

XS
SM
MD
LG