29-май-1-июнь күндөрү аба ырайынын кескин өзгөрүүсүнө байланыштуу Кыргызстандын тоолуу аймактарында сел жүрүү коркунучу күчөйт. Бул тууралуу бүгүн шашылыш билдирүү тараткан Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, 31-майда жана 1-июнда Ысык-Көл, Нарын облустарында маал-маалы менен нөшөр жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу аймактарда кар жаашы, айрым жерлерде катуу жаашы мүмкүн.
Кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге жетет. Абанын күндүзгү температурасы кескин төмөндөп, дыйканчылык аймактарда 11…16° жылуу, бийик тоолуу райондордо 0…-5° болот.
Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоону кыйындатат. (RK)