Башкы прокуратура өкмөттү Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына абитуриенттерди кабыл алуудагы мыйзам бузуулар боюнча чара көрүүгө чакырды. Мындай сунуштаманы өкмөткө Башкы прокурордун биринчи орун басары Кылычбек Токтогулов жолдоду.
Анда 2012-жылы Медициналык академия 25 баланы мыйзамсыз, башкача айтканда, сынактан тышкары кабыл алганы, арасында тестирлөөдөгү баллы жетишсиздер да бар экени айтылат. Мындан сырткары Кыргыз мамлекеттик курулуш, архитектура жана транспорт университетине бөлүнгөн гранттык орундардын эсебинен Медакадемияга беш абитуриент мыйзамсыз кабыл алынганы да маалымдалды.
Февраль айында “Апрель баатырлары” коомдук уюму Медакадемияга окууга мыйзамсыз кабыл алуу фактылары боюнча өлкө президентине кайрылуу жасаган. Алар баллы жетпеген абитуриенттерди Апрель окуясынын катышуучуларынын атын сатуу менен кабыл алган документтер боюнча ректор Ашыралы Зурдинов менен мурдагы билим берүү министри Канат Садыков ынандырарлык жооп бербей жатканын жүйө келтиришкен.
Кайрылууга жооп кылып президент Алмазбек Атамбаев ошол кездеги өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев менен Башкы прокурор Индира Жолдубаевага бул ишти иликтеп, чара көрүүнү тапшырган. (KJ/BkA)