Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:11

Блаттер 5-ирет ФИФАнын президенти болуп шайланды


Йозеф Блаттер ФИФАнын 65-конгрессинин ачылышында. Цюрих, 28-май, 2015
Йозеф Блаттер ФИФАнын 65-конгрессинин ачылышында. Цюрих, 28-май, 2015

Цюрихте Дүйнөлүк футбол федерациясынын (ФИФА) конгрессинде уюмдун президентин шайлоо өттү. Шайлоонун биринчи айлампасында эки талапкердин эч кимиси үчтөн эки добушка ээ боло алган жок. ФИФАнын азыркы президенти Блаттер 133 добуш, ал эми анын жалгыз атаандашы Иорданиянын ханзадасы Али бин ал-Хусейн 73 добуш алды. Үч бюллетень жараксыз деп табылды. Бул тууралуу ФИФАнын интернет сайты маалымдады.

Шайлоонун экинчи айлампасы белгиленгенден кийин ханзада Хусейн өз талапкерлигин алып салып, Блаттерге жол бошотуп берди. Анын негизинде ФИФАнын президенти болуп Йозеф Блаттер шайланды.

ФИФАнын конгресси 28-майда Цюрихте ачылды. Анын жуп алдында, бир нече жогорку даражадагы жетекчи коррупциялык иштерге шектелип кармалган.

XS
SM
MD
LG