Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:09

Электрге жаңы тариф киргизүү мөөнөтү артка жылдырылды


Электр энергиясына жаңы тарифти киргизүүнүн мөөнөтү жылдырылды. Бул тууралуу өкмөт алдындагы Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу боюнча агенттиктен кабарлашты.

Буга чейин 1-июндан тарта учурда 1 кВт. саатына 70 тыйын төлөп жаткандар 84 тыйындан, ал эми 700 кВт. сааттан ашык пайдалангандар 2 сом 20 тыйын болуп жогорулары айтылган эле. Бирок бейшембиде президент Алмазбек Атамбаев электр энергиясына тарифти кайрадан карап чыгууну сунуштаган. Мамлекет башчы өкмөткө кышы катаал тоолуу аймактардын тургундарынын шартын эске алууну тапшырган эле.

Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу боюнча агенттик тарифтер кайрадан эсептелерин эскертти. (BkA)

XS
SM
MD
LG