Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:21

Олланд жана Меркел Путинди Минск келишимин аткарууга үндөдү


Франциянын президенти Франсуа Олланд жана Германиянын канцлери Ангела Меркел орус президенти Владимир Путинди Минск келишиминин шарттарын токтоосуз аткарууга чакырды. Аталган келишимде Украинанын чыгышындагы ок атууну токтотуу каралган эле. Февралда кабыл алынган бул келишимге карабай бул аймакта өкмөттүк күчтөр менен орусиячыл жикчилдердин ок атышуусу токтобой жатат. Француз бийликтери кабарлагандай, 29-майда Олланд жана Меркел Путинден бул келишимдин “конкреттүү жыйынтыкка” жетишүү зарылдыгын эскертти. Анын алдында келишимди ишке ашыруу үчүн саясий, экономикалык коопсуздук жана гуманитардык маселелер боюнча жумушчу топ түзүлгөн.

Минск келишиминин жыйынтыгын талкуулоо үчүн 10-майда жогорудагы үч өлкө жана Украинанын өкүлдөрү Парижде жолугат.

Ал ортодо орус бийликтери Украина чыгышындагы өкмөттүк күчтөрдүн аткылоосунан жөн-жай тургундары жабыр тартып жатканына камтамачылык билдирди.

Украина чыгышындагы былтыр жазында башталган жаңжалдан 6000ден ашык адамдын өмүрү кыйылды.

XS
SM
MD
LG