Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:00

Индияда катуу ысыктан өлгөндөрдүн саны 2000ден ашты


Акыркы күндөрү өлкөнүн бир катар штаттарындагы орточо температура 47 градуска, ал эми айрым жерлерде 50 градуска жетүүдө. Бийлик жарандарга көчөгө көп чыкпай туруу кеңешин берип жатат.

Жыл сайын жаз айларында Индияда жогорку температура катталат. Быйылкы ысык өлкөнүн тарыхындагы адам өлүмүнүн саны боюнча экинчи орунга чыкты. 1998-жылы күндүн катуу ысып кетишинен эки жарым миңден ашык адам көз жумган.

Синоптиктер мындай температура дагы бир нече күнгө созулат деп кабарлоодо.

XS
SM
MD
LG