Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:50

Борбор Азиядагы миграция көйгөйлөрү талкууланат


"Борбор Азиядагы миграция маселелери" аттуу эл аралык конференция Бишкекте 2-июнда өтөт. Иш-чараны Жогорку Кеңеш жана Европа кеңешинин парламенттик ассамблеясы (ПАСЕ) уюштурууда.

Конференцияда аймактагы миграциялык көйгөйлөр, КМШ жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн миграция жаатындагы улуттук мыйзам жоболорун укуктук жактан колдонуу, аларды өркүндөтүү боюнча эл аралык кызматташтыкты жакшыртуу маселелери талкууланат. Жыйындын катышуучулары экстремизмге, терроризмге, коррупцияга, наркобизнеске, эл аралык уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча да пикир алышат.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстандын 600 миңге жакын жараны Орусия менен Казакстанда эмгек мигранты катары иштеп жүрөт. Иш жүзүндө бул сан мындан да көп экени айтылат. Мигранттар башка өлкөдө ар кыл укук бузууларга кабылып, мыйзамдык жактан коргоого алынбаганы талкууланып келет. (BkA)

XS
SM
MD
LG