Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:33

Июндан тарта Тажикстандан электр энергиясы сатып алына баштайт


Бул тууралуу өкмөткө караштуу Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу боюнча агенттиктен кабарлашты. Маалыматка ылайык, коңшу өлкөдөн июндан октябрга чейин 225 миллиард кВт. саат электр энергиясын сатып алуу пландалууда.

Буга чейин Кыргызстан жай мезгилинде Тажикстандан электрдин 1 кВт. саатын 2 центтен сатып алып келген. Бирок быйыл тажик тарап анын баасын 3,5 центке көтөрүүнү сунуш кылганы айтылган.

“Түндүк электр” ишканасы болсо Тажикстандан быйыл алынчу электр энергиясынын баасы 2 сом 17 тыйын (3,7 цент) болоорун кабарлады. (BkA)

XS
SM
MD
LG