Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:54

Энергетика: тайсалдаган тариф саясаты


Президент электр энергиясына тарифтерди көтөрүүнү кайра карап чыгууну өкмөткө тапшырды. Ошондуктан өкмөт тарифтерди пландалгандай 1-июндан эмес, 1-августтан тарта көтөрүүнү чечти.

Отун-энергетика тармагын жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин сунушу менен өкмөт 1-июндан тарта электр энергиясы жана жылуулукка тарифтерди көтөрүүнү чечкен. Ага ылайык 700 кВт. саатка чейин электр энергиясына тариф 70 тыйындан 84 тыйынга көтөрүлмөк. Андан ашканына 2 сом 20 тыйындан тариф коюлган.

Тарифтер кайра саналат

28-майда президент Алмазбек Атамбаев өкмөт башчы Темир Сариевди кабыл алып, тарифтерди тоолуу аймактарда жашаган калктын талабын эске алуу менен кайра карап чыгууну тапшырган.

Президенттин мындай тапшырмасынан кийин Мамлекеттик агенттик электр энергиясына тарифтерди кайра саноого киришип, 1-июндан тарта тариф көтөрүлбөй калды. Эми агенттик тийиштүү эсептерди жүргүзүп, тарифтерди 1-августтан тарта көтөрүүнү сунуштады.

Бул тууралуу Отун-энергетика тармагын жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчисинин орун басары Миргүл Айдарова маалымдады:

- Тарифтер 1-августтан тарта көтөрүлөт. 10% көтөрө турган болдук. Ошондо 700 кВт. саатка чейин бир кВт электр энергиясынын баасы 77 тыйын болот. Былтыр Нарындагы тоолуу райондордун калкы "700 кВт. саат бизге аздык кылат, көлөмдү көбөйтүп бергиле" деп чыккан. Аны биз эсептеп чыгып, 700 кВт. саатка 300 кВт. саат кошуп жатабыз. Бул бийик тоолуу райондорго тиешелүү болот.

Миргүл Айдарованын айтымында, бийик тоолуу аймактарда 183 миң колдонуучу бар.

Токтогул суу сактагычы
Токтогул суу сактагычы

Жаңы тарифке ылайык 1-августтан тарта 700 жана 1 миң кВт. сааттан ашык электр энергиясына калк 2 сом 16 тыйындан төлөшөт. Ал эми калган керектөөчүлөрдүн баары 2 сом 24 тыйындан төлөшөт.

Өткөн жылы электр энергиясына тарифтердин көтөрүлүшү калк ичинде, өзгөчө тоолуу Нарын облусунда нааразычылыкты жараткан. Алар нааразылык акцияларында жеңилдетилген баадагы электр энергиясынын көлөмүн 2 миң кВт. саатка жеткирүүнү да талап кылышкан.

Президент Алмазбек Атамбаев нарындыктардын талабына кескин каршы болуп, кайсы бир регионго өзгөчө тариф болбой турганын айткан:

- "Нарынга тариф арзандатылсын, башкаларга мурдагы бойдон калсын" дегенге такыр кошулбайм. Ачык айтайын, Нарын облусу 23 жылдан бери дотацияда турат. Кыргыз эли Нарын облусун ачык айтканда багып атат. Ошол эле Ат-Башы районунда кышында абдан кыйын. Бирок нарындыктар жердин керчөөсү деп атайт. Чөп жайында эки метрге чейин өсөт. Малга кененчилик.

Президент Атамбаев анда Нарында тарифтерге каршы митингдерге “обондор” катышып жатканын кошумчалаган.

Шайлоо алдындагы жүрүштөр

Оппозициялык саясатчы, Жогорку Кеңештин депутаты Равшан Жээнбеков президент Атамбаевдин азыркы учурда тариф саясатында позициясынын өзгөрүүсүн күзгү парламенттик шайлоого байланыштырды:

- Президенттин азыр “жакшы киши” болуп калганынын бир маанилүү себеби бар - ал шайлоого байланыштуу. Президент шайлоого баратканда жакшы сөздөрдү айтыш керектигин түшүнөт. Ошого байланыштуу тоолуу аймактар жөнүндө ойлоно баштады. Экинчиси - азыр социал-демократтар шайлоого даярданып, бардык аймактарда медициналык кызматтарды көрсөтө баштады. Мунун бардыгы шайлоого даярдык.

Энергетика тармагы өтө оор кризисте экени маалым. Анын себеби Токтогул суу сактагычында суунун кескин азайып кетүүсүнө жана тармактагы финансылык эбегейсиз тартыштыкка барып такалат. Тариф саясатындагы акыркы өзгөрүүлөр энергетика тармагындагы финансылык тартыштыкты дагы 300 млн. сомго көбөйтүп, жалпысынан 8 млрд. 800 млн. сомго жеткирет.

Токтогулда 1-июнга карай 8 млрд. кубметрден ашык суу топтолгон. Бул өтө аз көрсөткүч. Ошондуктан быйылкы жылы Тажикстандан 225 млн. кВт. саат, Казастандан 450 млн. кВт. саат электр энергиясын сатып алуу пландалууда. Тажикстан да өткөн жылга салыштырмалуу электр энергиясына экспорттук бааны көтөрүп, ал 3.7 центке сатат.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG