Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:23

Жер ортолук деңизинде беш миңдей бозгун куткарылды


Акыркы үч күн ичинде Жер ортолук деңизинде беш миңден ашуун мигрант куткарылып, кургакка чыгарылды. Мигранттар Ливиядан 25 кеме менен чыгышкан. Аларды куткарууга Европанын бир канча өлкөлөрүнүн, атап айтканда Италия, Белгия, Дания жана Финляндиянын куткаруучулары катышты.

Аталган деңиздеги куткаруу операциялары менен Евробиримдиктин Triton деп аталган миисиясы алектенет. Ал Италиянын Mare Nostrum уюмун алмаштырган. Бозгундарга жардам берүү быйыл апрелде Африкадан Европага сапар тарткан 800 мигранттын өмүрүн алган кайгылуу окуядан кийин кеңейтилген.

Европага багыт алган мыйзамсыз мигранттар боюнча маселе дале Европа өкмөттөрүнүн күн тартибинде турат.

Быйыл жыл башынан бери Африка менен Батыш Азиядан келаткан 40 миңден ашык мигрант куткарылып, Европа өлкөлөрү тарабынан кабыл алынган. Жай айларында бозгундардын Европаны карай агылуусу күчөшү күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG