Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:57

Өкмөт башчы Шеркул Султановго эскертүү берди


Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин статс-катчысы Шеркул Султановго эскертүү берилди. Ага административдик жаза колдонуу тууралуу буйрукту премьер-министр Темир Сариев 1-июнь күнү чыгарды.

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, Султанов өз ишинде белгиленген талаптарды толук аткарбай жатканы үчүн эскертүү алды. Буга өкмөттүк аппараттын Өндүрүү, отун-энергетикалык жана экология бөлүмүнүн башчысы жазган кызматтык кат негиз болгон. (SE)

 

XS
SM
MD
LG