Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:39

Германиянын мурдагы канцлеринин абалы оор


Мурдагы канцлер Гельмут Коль ичегисине жасалган операциядан соң оор абалда реанимацияга жаткырылды. Der Spiegel басылмасынын 2-июнда кабарлашынча, 85 жаштагы экс-канцлер Германиянын түштүк-батышындагы Гейдельберг аймагында ооруканада дарыланууда.

Азырынча Колдун абалы боюнча расмий маалымат жок. Бирок “Шпигель” анын абалы акыркы үч жумада оорлошуп кеткенин жазды.

Гельмут Коль 1982 – 1998-жылдары федералдык канцлер кызматын аркалаган. Ал бул кызматта көп иштеген канцлер катары тарыхта калды. Коль Батыш жана Чыгыш Германиянын биригишине чоң салым кошкон. Мындан сырткары Франция президенти Франсуа Миттеран менен бирге евронун жүгүртүүгө киришине эмгек сиңирген.

XS
SM
MD
LG