Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:16

Малайзиялык учак зениттик ракетадан кыйраган


Өткөн жылдын 17-июлунда Донецк аймагында кыйраган малайзиялык "Боинг" зениттик башкаруудагы “Бук-М1" ракетасы менен кулатылган. Бул тууралуу орусиялык "Алмаз-Антей" концернинин башкы конструкторунун кеңешчиси Михаил Малышевский 2-июнда өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Орусия буга чейин малайзиялык учак украин аскерлери тарабынан кыйратылганын айтып келген. Эл аралык эксперттер “Боинг” орусиялык зениттик ракетадан кыйраган деген маалыматты чындыкка жакын деп билишет.

Malaysia Airlines авиакомпаниясынын Амстердамдан Куала-Лумпурга учуп бараткан “Боинг 777" учагы 2014-жылдын 17-июлунда Донецкте кыйраган. Учактагы 298 жүргүнчүнүн баары мерт болгон. Алардын көбү нидерландиялыктар болгон.

XS
SM
MD
LG