Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:05

Ажыга барууну каалагандар былтыркыдан эки эсе аз


Кыргызстандан быйылкы ажылык зыяратына баруучуларды каттоо аяктады. 1-июнга карата 3295 жаран документ тапшырды.

Сауд Арабия бул жылы Кыргызстан үчүн 3685 адамга квота бөлгөн. Каттоого өткөндөрдүн саны ага жетпегендиктен, былтыр документ тапшырып, бирок заяратка барбай калгандар да кошулат. Тандоо чүчү кулак аркылуу жүргүзүлөт. Бул тууралуу “Азаттыкка” муфтийдин орун басары Равшан ажы Эратов билдирди. Ажылыктын баасы 2550 доллар.

Быйыл зыяратка барууну каалагандардын эң көбү Ош облусунун тургундары, алардын жалпы саны 914. Жалал-Абад облусунан 767, Чүйдөн 546, Бишкектен 360, Баткен облусунан 288, Ош шаарынан 241, Ысык-Көлдөн 91, Нарындан 51, Таластан 37 адам каттоодон өттү.

Былтыр 8200дөн ашуун жаран катталып, төрт миңге жакыны ажыга барып келген. (SE)

XS
SM
MD
LG