Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:39

Үмөталиев: 60тай мамлекеттик ишкананы менчиктештирүү сунушталууда


Экономика министрлиги мамлекетке таандык 60ка жакын ишкананы менчиктештирүүнү парламентке сунуштады. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган министрликтин Мамлекеттик мүлктөр бөлүмүнүн башчысы Нурбек Үмөталиев билдирди.

Анын айтымында, айрым ишканалардын толук акциясы, айрымдарынын акциясынын бир бөлүгүн сатыкка чыгаруу пландалууда.

“Анын ичинде “Мегакомдун” 100 пайыз акциясын сатуу планда бар. Мамлекет бардык эле ишканаларды эффективдүү башкара албайт. Ошондуктан аларды жеке тараптарга өткөрүү керек деп депутаттарга сунуш киргиздик”,- деди Үмөталиев.

Азырынча, компаниялар качан сатыкка коюлары белгисиз. Анткени, ишканаларды жеке менчикке сатууга уруксат берүү жагын депутаттар чечет. (МТо)

XS
SM
MD
LG