Кумтөр алтын кенинин жыйырмадай жумушчусу ишкана жетекчилигинин аларды жумуштан кетирген чечимин мыйзамсыз деп эсептеп, сотко кайрылганы жатышат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Кумтөрдөгү жумушчулар лагеринин администратору Махабат Эсеналиева билдирди.
Анын айтымында, “Мени жумуштан эч себепсиз, мыйзамсыз кетирип атышат. Мындан тышкары 20дай кызматкер, алардын арасында күзөт кызматындагылар, суу бургулоочулар да сотко кайрылганы жатат”, - деди Эсеналиева.
Ал эми "Кумтөр" ишканасындагы кесиптик кошуундар бирикмесинин төрагасы Авазбек Кожокматов учурда өндүрүш кыскарып, алтындын баасы да төмөндөп кеткендиктен, айрым өтө маанилүү эмес кызматтар кыскарып атканын айтты.
"Кумтөр саясатташып кеткендиктен жетекчилик жумушту кантип жүргүзүүнү чече албай турат. Инвесторлор эртеңки күнү эмне болорун билбей ушундай кадамдарга барышууда”,- деди Кожокматов.
"Кумтөр" жетекчилиги бул боюнча комментарий берген жок. (МТо/AzK)