Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:41

Ош: Имамдар аттестациянын борбордо өткөрүлгөнүнө нааразы


Ош облусунун имамдары "Азаттыкка" кайрылып, аларга аттестация Ошто же ар бир облуста өзүнчө өткөрүлсө жол чыгымдары кыйла үнөмдөлмөктүгүн билдиришти. Имамдар Бишкекке барып келиш үчүн ар биринин чөнтөгүнөн төрт миң сомдон кетерин айтышууда.

Ал эми аттестациялык комиссиянын жетекчиси Абдулла Асыранкулов мунун себебин жер-жерлерде имамдардын аттестациядан өтүүгө даярдыгынын жоктугу менен байланыштырып, документсиз алар электен өтпөй турганын билдирди

“Мисалы, Ошто 30 эле имамдын документи даяр дешти. Биз барган менен баарын аттестациядан өткөрүп келе албай, убакыт коротуп атпайбызбы. Бизге Орозо башталгыча бул ишти бүтүргүлө деген тапшырма коюлган. Ага чейин документин толуктаган имамдар келип аттестацияга кире берсе болот”, деди Асыранкулов.

Орозо башталганча, тагыраагы 17-июнга чейин Кыргызстандагы жума намазы окулчу 1100 мечит экзаменден өтүшү керек. Комиссия жетекчисинин айтымында, ал мечиттердин жарымынын документи жок. Документи болбосо аттестацияга киргизилбейт. (МТо)

XS
SM
MD
LG