Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:51

Эл аралык автожүрүш катышуучулары Кыргызстанга келди


Тоолуу автожолдор аркылуу 15 жол тандабас менен жүрүшкө чыккандар Кыргызстанга келишти.

Аларды чек арадагы “Акжол” өткөрүү бекетинен Транспорт министрлиги жана Чек ара кызматынын өкүлдөрү тосуп алышты.

“Эртең, 4-июнда катышуучулардын конференциясы өтөт. Андан кийин Жалал-Абад, Ош жана Баткенде болуп, андан ары Тажикстанга өтүшөт. Максаты эл аралык автожолдордун абалын иликтөө, аларды өнүктүрүү жана ал жолдордо каттамдарды көбөйтүү”,- деди Кыргызстандын Транспорт жана байланыш министрлигинин Жол чарба департаментинин башчысы Жумаш Соодонбаев.

Эл аралык автожүрүш 2014-жылы Польша-Беларус чек арасынан башталган. Өткөн жылдан бери Орусияда өргүү алып, жүрүштү 1-июндан кайра улантышкан. (МТо)

XS
SM
MD
LG