Линктер

бейшемби, 21-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 16:41

Чолпон-Атада КМШнын коргоо министрлери жолугушууда


Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында КМШ өлкөлөрүнүн коргоо министрлеринин кеңеши жыйын курууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” Кыргызстандын Коргоо министрлигинин маалымат катчысы Азамат Дүйшөнбиев билдирди.

Жыйынга Беларус, Орусия, Тажикстан, Армения, Азербайжан, Казакстан жана Кыргызстандын коргоо министрлери жана кеңештин аткаруу комитети, катчылыгы катышып жатат.

“Бүгүн өз ара кызматташуу боюнча 16 документке кол коюлду. Негизинен эл аралык армиялык машыгуу, күжүрмөн даярдык, биргелешип окуу жана башка кызматташуу тууралуу документтерге кол коюлду. Жыйын 4-июнга чейин Кыргызстанда, андан кийин Дүйшөмбүдө уланат”, - деди Дүйшөнбиев.(МТо)

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG