Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:03

Раймонд Вейонис Латвиянын президенти болду


Раймонд Вейонис
Раймонд Вейонис

Жаңы президент болуп буга чейин коргоо министри кызматын аркалап келген Раймонд Вейонис шайланды. Латвияда президентти парламент депутаттары тандайт. Фермерлер жана жашылдар бирикмеси сунуштаган Вейонистин талапкерлигин 100 депутаттын 55и колдоду. Президент болууга төрт талапкер ат салышты.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы чыгарылган соң 48 жаштагы Вейонис:

- "Мен өлкөнүн коопсуздугун сактоо жана жаркын келечеги үчүн бардык мүмкүнчүлүктү пайдаланам",- деди.

Аталган өлкө СССРдин курамынан бөлүнүп чыккандан бери бешинчи ирет президент алмашты. (SE)

XS
SM
MD
LG