Бул тууралуу “Азаттыкка” Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Максат Абакировдун кылмыш тобунун мүчөлөрү делген Балыкчы шаарынын Бактыбек, Марат жана Жалал-Абад облусунун Сары-Талаа айылынын тургуну, 34 жаштагы Адылбек кармалган.
Алар Балыкчы шаарында жеке ишкерден коркутуу жолу менен 20 миң АКШ долларын алып кетишкен деп шектелүүдө.
Окуя 22-майда болуп, анда белгисиз үч адам жеке ишкерди өз үйүндө ур-тепкиге алып, жабырлануучу аларга 20 миң долларын берүүгө мажбур болгон.
Бул боюнча кылмыш иши козголуп, шектүүлөр Балыкчы шаардык ИИБнин убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. (AsA)