Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:02

Жогорку Рада Украинага чет элдик аскер киргизүүгө уруксат берди


Украинанын Жогорку Радасы өлкөдө чет элдик аскер күчтөрүнүн тынчтык орнотуучу операцияларды жасоого уруксат берген мыйзам долбоорун кабыл алды.

Мыйзамга ылайык, чет элдик куралдуу күчтөр Украинага өлкө жетекчилигинин, БУУнун жана Европа биримдигинин макулдугу менен киргизилет. Бирок Украинага куралдуу агрессия көрсөтүп жаткан Орусия үчүн бул документ ишке жарабайт.

Украина бийлиги ушул жылдын мартында өлкөнүн чыгышындагы кырдаалды жөнгө салуу үчүн БУУдан куралдуу күчтөрдү киргизүүнү өтүнгөн. Петр Порошенко 4-июнда парламенттеги сүйлөгөн сөзүндө жикчилдер ири масштабдуу кол салууга даярданып жатат деп эскерткен. Расмий Кремль Донбасстагы жикчилдерди коргоп жатат деген Батыштын сынын четке кагып келет.

XS
SM
MD
LG