Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:56

Менчикке кеткен 257 бала бакчанын 27си гана кайтарылды


Бул тууралуу “Ата Мекен” фракциясынын жыйынында Башкы прокуратурадан билдиришти.

Өлкө боюнча 90-жылдардан бери 257 бала бакча башка максаттарга колдонууга берилип кеткен.

Депутат Наталья Никитенко балдарды бакча менен толук кандуу камсыздоо үчүн дагы 2500 бала бакча курулушу керектигин белгиледи. Маалыматка караганда Кыргызстанда ар бир бешинчи бала бакчага барбайт.

Кайтарылган 27 бала бакчанын бири да Бишкекте эмес. Буга чейин “Азаттык” бала бакчалар боюнча иликтөө-программасын тартып, анда айрым бала бакчалардын имараттары тигүү цехи, сауна, прокуратура имараты ж.б. жайларга айланып калганын аныктаган. (МТо)

XS
SM
MD
LG