Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:36

Ошто УКМКнын «Антитеррор -2015» аттуу машыгуусу өттү


УКМКнын маалымат кызматынын башчысы Рахат Сулайманов бул антитеррордук машыгууга аймактагы бардык күч түзүмдөрү катышканын "Азаттыкка" билдирди.

Машыгуу Сетченко атындагы мектепте өттү. Анда сценарий боюнча барымтага алынган окуучуларды куткаруу жана чек араны бузуп кирген террордук топко каршы операция көрсөтүлгөн.

Сулаймановдун айтымында, бул мектепте антитеррордук машыгуу өткөрүү жергиликтүү бийлик жана мектеп жамааты менен макулдашылып, эки айдан бери эл арасында түшүндүрүү иштери жүрүп келген.

Машыгуунун максаты - аймактардагы күч түзүмдөрүнүн терроризм менен күрөштө кандай карым-катнашта иштей турганын сыноо болгон.

Иш-чара пландуу машыгуу деп саналууда. Ага Саламаттыкты сактоо тармагы, милиция, прокуратура да катышты. (YI)

XS
SM
MD
LG