УКМКнын маалымат кызматынын башчысы Рахат Сулайманов бул антитеррордук машыгууга аймактагы бардык күч түзүмдөрү катышканын "Азаттыкка" билдирди.
Машыгуу Сетченко атындагы мектепте өттү. Анда сценарий боюнча барымтага алынган окуучуларды куткаруу жана чек араны бузуп кирген террордук топко каршы операция көрсөтүлгөн.