Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:33

Балдар кыйналган жерде келечек караңгы


Балдарды иштетүүгө каршы акция. 5-июнь, 2015-жыл
Балдарды иштетүүгө каршы акция. 5-июнь, 2015-жыл

Өспүрүмдөр арасында оор жумушка тартылгандар азая элек. Бул тууралуу Эл аралык эмгек уюмунун Ысык-Көл облусунда өткөргөн жыйынында айтылды.

Эл аралык эмгек уюмунун изилдөөсүнө ылайык, Ысык-Көл облусунда 5-17 жашка чейинки балдардын 80 пайызга жакыны жашына жана өнүгүүсүнө туура келбеген жумушту аткарат. Алардын арасынан өтө кооптуу жумушту аркалагандары 30 пайыз деп эсептелген. Уюмдун өкүлү Амина Курбанова жумуштун оор түрүнө тартылган өспүрүмдөр ден соолуктан айрылганы аз келгенсип, билим алуудан да аксарын айтты:

- Биз айрым ченемдер аркылуу базарларда араба түртүүнү, унаа жуучу жайларда иштөөнү, таштанды терүүнү, радиациялык уулануулар бар жерде жана тамеки талааларында эмгектенүүнү балдар үчүн зыяндуу деп таптык.

Уюмдун болжолдуу статистикасында өлкө боюнча 5 жаштан 17 жашка чейинки балдардын 33 пайызы, башкача айтканда, ар бир үчүнчү баланын ден соолугу оор жумуш айынан жабыркап, буга кошумча мектепте билим алуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырайт.

Каракол шаарындагы аянтча
Каракол шаарындагы аянтча

Бирок Социалдык өнүктүрүү министрлиги уюмдун бул маалыматы менен макул эмес. Министр Кудайберген Базарбаевдин айтымында, учурда өлкө боюнча оор жумушка тартылган 80 бала каттоодо турат:

- Бүгүнкү күндө жумушка тартылган мектеп жашындагы балдардын так саны жок. Ошол себептүү, Ысык-Көл облусу боюнча өспүрүмдөрдүн 20 пайызы гана уруксат берилген, жеңил жумушта иштейт. Калган 80 пайызы оор жумушту аркалайт деген статистика азыр теория бойдон. Мен буга анчейин ишенбейм. Биз азыр мектеп жашында эмгекке тартылгандардын так санын билүү үчүн изилдөө методикасын иштеп чыгып, ар бир район, облустарда ушул багыт боюнча иш баштаганы турабыз.

Мектеп жашындагы канча бала жумушка тартылганы туурасында так маалымат облустук администрацияда да жок. Каракол шаардык мэриясы гана акыркы тогуз айда калаада 25 бала мектепке барбай, иштеп жүргөнүн аныктаган. Бирок талдоочулар бул расмий сандарга ишенүү кыйын дешет. Укук коргоочу Атыркүл Сабырова Караколдо балдар эмгеги кандай пайдаланылып жаткандыгын мындайча сүрөттөдү:

- Расмий сан менен чыныгы турмуштук абал албетте төп келбейт. Кыргызстанда окубай же окуу менен жумушту айкалыштырып жүргөндөр өзүнчө эле бир армия. Бирок биз ушул балдарды ачыкка чыгарууда кыйынчылыкка туш болуп жатабыз. Балдар ачыкка чыккысы келбейт тартынат, коркушат. Кээде ата-энелери каршы болот. Мен бүгүн 14 баланын тизмесин эл аралык уюмдун өкүлдөрүнө бердим, буларды мен базардын профсоюзунда иштеп, күнүгө кирип-чыгып учурашып жүрүп араң көндүргөм.

Балдар эмгегине каршы акция. Каракол, 5-июнь, 2015
Балдар эмгегине каршы акция. Каракол, 5-июнь, 2015

​Жумушка тартылып, мектептен калган балдарды ар кандай эл аралык уюмдар теңдеме мектептер аркылуу окутууга аракет жасап келишет. Бирок Кызыл жарым ай коомунун Ысык-Көл облусу боюнча өкүлү Эрлан Мукашевдин билдиришинче буга кызыккандар деле аз. Мисал үчүн Кызыл жарым ай коомунун теңдөө мектеби 2001- жылдан бери иштеп, 14 жылда 215 гана бала билим алган. Бул мектеп башталгыч класстын программасын окутуп чыгарат.

Ал эми Эл аралык эмгек уюму өлкөдө жаш балдардын эмгегин пайдаланууга каршы иш-чаралар дээрлик жокко эсе экенин, болсо да узак жылдардан бери жыйынтык чыкпай жатканын белгилешет.

Андыктан адистер балдардын эмгегин пайдалануу алдыдагы жылдары дагы өсөрүн, ал эми билим, ден соолук көйгөйлөрүн чечүү үчүн жаңы ыкмаларды ишке киргизүү талапка ылайык дешүүдө.

XS
SM
MD
LG