Кыргызстанда мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен 26, өз багытында иштебей келаткан 27 бала бакчанын имараты мамлекетке кайтарылды.
Бул тууралуу бүгүн Башкы прокуратуранын маалымат кызматы кабарлады. Мектепке чейинки билим берүү мекемелерин текшерүүнүн натыйжасында 51 кылмыш иши козголгон. Буга чейин билим берүү жана илим министри Элвира Сариева кайтарылган имараттарды тезинен оңдоп-түзөп, пайдаланууга берүү өкмөттүн милдети экенин билдирген.
Кыргызстан эгемендик алган алгачкы жылдарда көпчүлүк бала бакча имараттары менчиктештирилип кеткен. Билим берүү министрлигинин маалыматы боюнча, учурда өлкөдө 700гө жакын бала бакча жетишпейт. 2010-жылдан кийин өлкөдө менчиктештирилип кеткен бала бакчалар боюнча мекеме аралык комиссия түзүлгөн. (КЕ)