Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:46

Ош шаарынын тургундары этти арзандатууну талап кылышууда


Ош шаарынын тургундары эттин баасы арзандабай жатканына нааразы. Жергиликтүү тургундардын бири Төлөгөн Жолдошевдин “Азаттыкка” айтымында, Оштогу касапчылар малдын баасы арзандаганына карабай эттин баасын кымбат кармашууда.

Учурда Ошто уйдун эти 350 сомдон, кой эти 340 сомдон сатылууда. Ысык-Көлдө кой эти 280, уй эти 300-320, Жалал-Абадда уй эти 350, Бишкекте кой эти 320-350, уй эти 370 сомдон сатылууда.

Ош шаарында жүздөн ашуун касапкана иштейт. Шаар тургундары Монополияга каршы күрөш кызматынан бааны көзөмөлдөөнү өтүнүүдө. (YI)

XS
SM
MD
LG