Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:46

Киевдеги “Теңдик маршында” милиционерлер жабыркады


Бүгүн Украинанын борбору Киевде сексуалдык азчылыктардын маршы өттү. Акциянын катышуучуларына кол салган 10 киши кармалды. Кагылышта үч милиция кызматкери жабыркаганын жергиликтүү басылмалар жазып чыкты. Ал эми депутат Сергей Лещенко акцияны болтурбоого аракет кылган 20-25 киши кармалганын билдирди. Уюштуруучуларды 13 автобустан турган милиция кайтарып турду. “Интерфакстын” маалыматына ылайык, бүгүнкү маршка 300 адам катышты.

Буга чейин Жогорку Раданын депутаты, “Оңчул сектордун” лидери Дмитрий Ярош бул акцияны болтурбоого аракет жасашарын билдирген. Украинанын президенти Петро Порошенко акция өлкөнүн мыйзамдарына ылайык өтүп жатканын белгилеп, бирок ага өзү катышпай турганын билдирген болчу.

“Оңчул сектордун” кайрылуусуна жооп берген Киевдин мэри Виталий Кличко бул маршты “азыркы учурга туура келбейт” деп атаган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG