Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:21

Америка соода палатасынын мурдагы президенти Орусиядан чыгарылды


Американын соода палатасынын мурдагы президенти Скотт Блэклин бүгүн Орусиядан чыгып кетти. Буга чейин Нижний Новгороддун соту аны миграциялык мыйзамдарды бузганы үчүн өлкөдөн чыгаруу чечимин кабыл алган. Соттун аймактык бөлүмүнөн РИА-Новостиге билдиришкендей, Брэклин бүгүн Хельсинкиге учуп кетти.

Америкалык Blacklin associates LLC компаниясынын жетекчиси Брэклин буга чейин Нижний Новгородго жергиликтүү университеттин чакыруусу менен конференцияга катышуу үчүн келген. Бирок 20-майда аны Миграция кызматынын өкүлдөрү кармап, Орусияга келген максаты так көрсөтүлгөн эмес деп айыпташкан. Ушул убакка чейин ал чет элдиктер үчүн убактылуу кармоо жайында камалып турган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG