Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:39

"Барселона" УЕФА Чемпиондор лигасынын кубогун утту


Испаниянын "Барселона" футболдук клубу УЕФА чемпиондор лигасынын 2014/15 сезонундагы жеңүүчүсү болду. Башкы олжо үчүн каталондуктар 7-июнга караган түнү Германиянын Берлин шаарындагы "Олимпиаштадионе" оюн талаасында Италиянын Турин шаарынын Ювентус клубу менен беттешип, 3:1 эсебинде утуп алды.

Оюндун биринчи таймында "Барселона" 4-мүнөттө Иван Ракитич киргизген гол менен алдыга чыкты. 55-мүнөттө "Ювентус" оюнчусу Альваро Мората эсепти теңеди. Андан кийин "Барселона" тараптан Луис Суарес менен Неймар атаандаштарына ийгиликтүү чабуул жасап, гол киргизип өз командасына жеңиш алып келишти.

"Барселона" ушуну менен бешинчи жолу Европанын башкы олжосу саналган УЕФА Чемпиондор лигасынын кубогун утту. "Ювентус" болсо сегиз жолу финалга чыгып, алтынчы жолу утулду. (ECh)

XS
SM
MD
LG