Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:32

Караколдо казак диаспорасынын жыйынында чыр чыкты


6-июнда Каракол шаарында Ысык-Көл облусундагы казак диаспорасынын V курултайы өтүп, анда 20-июнда Бишкекте өтчү республикалык съездге делегаттарды шайлоо маселеси каралмак.

Жыйынга келген 200гө жакын делегаттын теңи буга чейинки кылган иштери тууралуу төраганын отчет берүүсүн жана жаңы төрага шайланышы керектигин талап кылышты.

Ак-Булуң айылынын тургуну Дилдебай Темишинов азыркы төрага Акмалы Биринчиев 23 жылдан бери бир да жолу отчет бербегенин, бул мезгил ичинде дубанда казак элинин ынтымагын чыңдоо багытында эч бир аракет болбогонун билдирди. Мындан сырткары азыркы жетекчи Казакстандан гуманитардык жардам катары келген азык-түлүк, акча каражаттарын өз ээлерине жеткирбегени айтылды.

Биринчиев айтылган дооматтарга макул эместигин, отчеттун мөөнөтү кайсы убакытка коюлса да келип маалымат берүүгө даяр экенин айтты. (AsA)

XS
SM
MD
LG